• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында Энергия багы коюлду

Коом 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы борбор үчүн жаңы жетишкендиктерди жаратууну улантууда, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, «Ынтымак 2» сейил багынын түндүк-батыш бөлүгүндө фонтандын ичинде жаркырап турган Энергия багы орнотулду.

Металл композициясынын мүнөздүү өзгөчөлүгү анын мөмөлөрү үнөмдөөчү чырактар болуп эсептелинет, жалбырактары ар түстүү боёктор менен сырдалган, бийиктиги болжол менен 5 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, инсталляция ишкананын цехинде жасалып, атайын сыр менен капталган.

Бишкек мэриясы калаа тургундарын шаарга, муниципалдык менчикке, ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ишине кам көрүүнү суранаат.

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздин көчөңүз караңгы болсо, анда ишкананын диспетчердик кызматы сиз үчүн дайыма иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу номерге арыз калтырсаңыз болот: 0777 902-115", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий