• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги ыш. ЖЭБдин эски бөлүгүн газга өткөрүү мүмкүн, бирок ал оор жана кымбат болот – Электр станциялары

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Бишкек ЖЭБи шаардагы ыштын негизги себеби эмес, балким 100 пайыздын 14 пайызга жакыны ЖЭБдин таасири. Бул тууралуу бүгүн “Санжыра” радиосунун түз эфиринде “Электр станциялары” ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азим Жумаев билдирди.

Анын айтымында, жооптуу мамлекеттик органдар унаалар жана кичи отказандардын чыпкаларын текшерүүсү зарыл.

“Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жаңы блоктору толук газга өтө албайт. Анткени, долбоор боюнча ал Кара-Кече көмүрүн жагууга эсептелген. Себеби жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мындай сунуштар киргизилген. Ал эки трибуна гана. Ал эми ЖЭБдин эски блогун газга өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. ЖЭБдин газды камсыздоо көлөмү абдан көп. Биздин мамлекетте газ чыгарылбайт. Газга кошо турган болсок, газды ташып келүү боюнча Россия же Өзбекстанга көз каранды болуп калабыз. ЖЭБ иштеп жатканда токтотууга болбойт. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам газ берүү токтоп калса, анда авариялык кырдаал жаралышы мүмкүн. Газга өтпөй жаткандыгынын себептиринин бири ушул. Дагы бир себеби газга өткөн учурда жылуулук берүү эки эсеге кымбаттайт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий