• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынан алюминий уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ысык-Көл" мейманканасынан алюминий уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 11-мартта саат 11:20лар чамасында Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынан Hyundai Porter үлгүсүндөгү чыккан унаа шек жараткандыктан кайгуул кызматкерлери аны токтотушкан.

Текшерүү учурунда 53 жаштагы Ч.М. аттуу айдоочу мейманкананын короосунан алюминийлерди сатуу үчүн мыйзамсыз чыгарып бара жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча айдоочу Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий