• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жаңы жугуштуу оорулар ооруканасы 10-октябрда ачылат - Абдикаримов

Ден соолук 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасы 10-октябрда ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал болжолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата 11 оорукана даярдалып жатканын эскертип өттү.

"Алардын ичинен 3 оорукана жаңы салынууда: Ош жана Бишкек шаарларында 100 орундуу жана Нарында 70 орундуу ооруканалар. Бишкек шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасы даяр болуп калды. Аны 10-октябрда ишке берилет деп жатабыз. 11 оорукананын баарын 20-октябрга чейин ачканга даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий