• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги “Жал – 23” кичирайонунда жаңы сквер ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын “Жал – 23” кичирайонунда шаар тургундары үчүн жаңы эс алуу жайы ачылды.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-октябрда кичи райондун тургундары жана шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун колдоосунда аталган сквер ачылды.

Шаардын казынасынан 3,5 млн сом бөлүнүп, куруу иштери 2 айда аяктаган.

Сквердин ачылышына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров катышып, кичирайондун тургундарын жаңы эс алуучу жайы менен куттуктап кеткен.

“Бул жаңы гана башталышы. Алдыда шаардын ирригациясын, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чоң максаттар коюлган. Биздин максат шаар тургундары жана коноктору үчүн эң жакшы шарттарды түзүп берүү”, - деди Абиров.

Скверди көрктөндүрүүдө кошкон салымы үчүн “Жал-23” кичирайонунун тургундары Шатрин М.А., Дзюба В.А. жана Таштанбеков М.Д., ардак грамоталар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий