• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин Жал-29 кичирайонундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жал-29 кичирайонундагы бала бакчанын курулушу уланып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Жер участогунун аянты 1,8 гектарды, ал эми имараттын аянты 1484 чарчы метрди түзөт.

"Учурда подрядчы тарабынан жер казуу иштери бүткөрүлүп, фундамент куюу иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, имарат «Улар-Транс» ЖЧК тарабынан курулууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий