• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жаш көчөттөрдү жылуулоо иштери жүрүүдө - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. “Бишкек жашыл чарбасынын” кызматкерлери ушул жылы отургузулган жаш көчөттөрдү үшүктөн сактоо үчүн жылуулай башташты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ишкананын кызматкерлери көчөттөрдү жылуу мүшөктөр менен ороп жатышат. Кар ээриген кезде көчөттөрдүн түптөрү таарындылар менен себилип жылууландырылат.

Шаардык кызматтардын кызматкерлери көчөлөрдө, парктарда жана скверлерде отургузулган 10 миңден ашуун көчөттөрдү жылуулоону пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий