• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги “Жаштар” паркын оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. Учурда Жибек-Жолу кесилиши менен Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан “Жаштар” эс алуу паркын оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясы маалымдайт.

Ага ыйлайык, Ала-Арча дарыясынын түштүк жана түндүк тарабында унаа токтотуучу жайларды куруу боюнча даярдык көрүлүүдө.

Келечекте “Жаштар” паркын маданий жана эс алуучу жайга айлантуу пландалууда. Эс алуу жайларын, дене тарбия жана спорт аянтчаларын, кичи футбол, скейтпарк, стритбол аянтчаларын куруу да каралган.

Райондук администрациядан кабарлашкандай, шаардыктардын коопсуздугу үчүн паркта милиция бөлүмчөсү орнотулат.

Паркта жашылдандыруу, тамчылатып сугартуу иштери калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий