• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги жатаканадан чыккан өрттөн 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бишкек финансы-экономикалык техникумдун жатаканасынын бөлмөсүндө өрт чыгып, үч керебет, шкаф, стол, муздаткыч күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен эки киши бутун айнеке кестирип алган. Мындан сырткары, эки киши иске ууланып (аты-жөндөрү такталууда) тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле 22 жаштагы А.А. аттуу аял киши, 14 жаштагы А.Д. аттуу кыз, эки жаштагы Э.Э. аттуу бала, 17 жаштагы Ө.Э. аттуу өспүрүм өрт өчүрүүчүлөр тарабынан куткарылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында беш өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий