• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектеги Жеңиш аянтында президенттин катышуусунда митинг-реквием өттү

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий