• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте велосипед сезонунун жабылышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкектин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында велосипед сезонунун жабылышы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Velofriend Positiv.KG” командасы, «Жашыл Ай» коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

"Катышуучулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда шаардын көчөлөрүн кыдырып, ар кандай сынактар жана викториналар күтүп турган чогулуу пунктуна кайтышты. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, велосипед каскалары жана түрдүү велосипед аксессуарлары тапшырылды. Акырында «Жашыл Ай» коомдук уюму тарабынан Түркияга билетке лотерея ойнотулду. 17 жаштагы велоспортчу Данияр Жанышбеков билеттин бактылуу ээси болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, майрамдык салтанатта Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков жана “Velofriend Positiv.KG” коомдук бирикмесинин төрагасы Данил Кыдыралиев сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий