• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде 32 жаштагы машыктыруучу 5 жашар кызды зордуктоого аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде чыгыш күрөшү боюнча машыктыруучу 5 жашар кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1986-жылкы шектүү калаа тургуну кечээ кечинде кармалып, ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

“Эртең Октябрь райондук сотунда шектүүнүн баш корго чарасы каралат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий