• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 497 техникалык паспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 11-январга карата “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 497 техникалык паспорт берилди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган жана 852 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 443 арыз кабыл алынган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик реестрге түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

"Урматтуу шаардыктар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуз, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлаңыз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий