• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте жол кире көтөрүлөт. Пенсионерлер үчүн жол акысы 8 сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкекте 1-ноябрдан тартып коомдук транспортто пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомго көтөрүлөт.

Бишкек шаардык кеңешинин сайтында айтылгандай, менчигинин түрүнө карабастан, саат 08:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден ашпаган кичи автобуста жүргүнчүнүн сүрөтү, аты-жөнүн көрсөтүү менен персоналдаштырылган транспорттук картасы бар пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-ноябрдан тартып менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден жогору болгон троллейбус жана автобустарда жүрүүнүн акысы 11 сом, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубметрден аз болгон маршруттук таксилерде жана автобустарда жүрүү 15 сомго кымбаттайт.

Пикир

Оставить комментарий