• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жол кырсыгынан 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Бишкектеги жол кырсыгынан 5 адам жабыркады, - деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-майда болжол менен саат 08:29да Ч.Айтматов-Ажыбек Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес Бенц» жана «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында «Мерседес Бенц» унаасындагы беш адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Унаалар атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган. Териштирүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий