• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу борбордук автоинспекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 04:30дар чамасында айдоочу белгисиз унаа менен №4 шаардык ооруканага 40-45 жаштардагы адамды алып келип таштап кеткен.

Жол кырсыгынын жыйынтыгында алган жараттардан улам жүргүнчү көз жумган.

Аталган кылмышка шектүү катары “ВАЗ 21074” үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы А.Э., аттуу айдоочусу Сокулук районунан аймагынан кармалган. Учурде териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий