• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Бишкекте "Фольксваген" менен "Мазда" үлгүсүндөгү унаалар кагылышканын Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда саат болжол менен 16:30да О.М., аттуу айдоочу башкарган "Фольксваген Туарег" унаасы Месароша көчөсүндө бара жаткан.

Профсоюз көчөсүнүн кечилишинде А.С., аттуу айдоочу башкарып бараткан "Мазда 6" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктан адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий