• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жол кырсыгынан төрт адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Бишкектеги Фрунзе-К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, 21-сентябрда болжол менен саат 23:00дөр чамасында Б.А., аттуу айдоочу "Хонда Фит" автоунаасы менен К.Акиев көчөсүндө түндүк багытта бара жатып, Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде 29 жаштагы Ж. уулу А., башкарып келе жаткан "Хонда Фит" унаасын сүзүп алган.

Кырсыктан 4 адам жабыркаган. Автоунаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий