• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги жол кырсыгынан унаа оодарылып калды

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Бишкектеги Тыныстанов менен Жумалиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 16-майда болжол менен саат 00:43тө жол кырсыгы катталган.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, Т.Ж., аттуу айдоочу "Тойота Эстима" унаасы менен Жумалиев көчөсү аркылуу батышты көздөй бара жаткан. Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде Д.Б., аттуу айдоочу башкарып келе жаткан "Тойота Виш" унаасы менен кагылышкан.

Кырсыктан "Эстима" унаасы оодарылып, айдоочусу жана жүргүнчү ооруканага кайрылган.

Унаалар айып унаа токтотуучу жайга токтотулуп, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий