• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууну токтотот

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. 1-декабрдан тарта Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууну токтотот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оорукана штаттык (ковидге чейинки) тартипте иштөөгө өтөт.

Өз кезегинде COVID-19 менен ооругандарды тиешелүү орундар менен камсыздалган башка ооруканалар кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий