• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасын куруу иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 100 койкалуу жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын куруу иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 1-чи, 2-чи жана 3-чү блоктордун пайдубалдары толук бүтүп, 1-чи жана 2-чи блоктордо кайра шагыл кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 4-чү блоктун фундаментин бетондоо иштери 60%га аяктады. Андан сырткары, дубалдардын темир конструкциясы жана чатырдын фермасы даярдалууда. Учурда объектте тиешелүү техникалар тартылып жана 50 жумушчу иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталган. Оорукана тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Пикир

Оставить комментарий