• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына коргонуучу каражаттар берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын медкызматкерлери жеке коргонуучу каражаттарды алды.

Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бардыгы болуп 507 жеке коргонуучу костюм жана 340 бир жолку колдонулуучу беткап берилди.

“Биз Айваз Оморкановдун демилгесин колдоп демөөрчүлөрдү тарттык. Жарым миллиондон ашуун акча каражаты чогултулуп, ага медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу костюмдар жана беткаптар сатылып алынды. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө спорт коомчулугу тарабынан кошкон салым”, - деп билдирген Мамагенттиктин директору Канат Аманкулов.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов үйүнөн “жарым темир аралыкты” (113 чакырым) басып өтүп, коронавирус менен күрөшүү үчүн каражаттарды чогултуу боюнча кайрымдуулук акциясын баштаган.

Пикир

Оставить комментарий