• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында 3 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 2 дарыгер жана 1 санитарда коронавирус табылды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, алардын абалы канааттандырарлык. Медкызматкерлердин бирөө ооруканадан чыгарылды, экинчиси жакын арады чыгат.

"Медкызматкерлер бейтаптар менен байланышта болгондон улам жуккан. Биз 2 айдан бери коронавирус инфекциясын жуктургандарды дарылап келебиз. Ооруканада иштеген бардык кызматкерлерден дайыма экспресс-тест жана ПЦР анализдер алынып, дене табы текшерилип турат", - дейт Аалиев

Башкы дарыгер маалымдагандай, аталган ооруканада 142 жаран коронавирустан дарыланууда, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350гө жетти. Алардын ичинен 273ү медицина кызматкери. Илдеттен 949 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий