• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыктан 60 адам дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыктан 61 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтуусунда, акыркы суткалардын ичинде ооруканага 217 адам кайрылып, анын ичинен 61и жаткырылган.

“Кайрылган бейтаптардын ичинен алтоосуна кызамык диагнозу коюлуп, калгандары – сасык тумоо, курч ичеги-карын оорулары жана башкалар менен кайрылган”, - деп билдирди Аалиев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ооруканада бейтаптар көз жумган окуялар катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий