• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жаңы эксперименталдык жугуштуу ооруканасында металл каркастуу түркүктөр жана устундар иштери жүрүүдө. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлайт.

Штабдын биилдирүүсүнө караганда, бБүгүнкү күндө бардык төрт блоктордун пайдубалы аяктады. Долбоорлоого чейин котлавандын топурак менен кайрадан артка толтуруу иштери 90 пайызга түзүүдө.

Учурда жеңил материалдарды орнотуу үчүн металл-каркастуу конструкцияларды ширетүү жана монтаждоо иштери боюнча 25 адис тартылган. Ошондой эле объектте 12 атайын техника - экскаваторлор, самосвалдар, каток машиналары тартылды.

Белгилей кетүү керек, объект боюнча долбоорлоо-сметалык документтер параллелдүү иштелип чыгууда жана өз этапы менен мамлекеттик экспертизасы жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталган.

Пикир

Оставить комментарий