• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылды

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 10-июнда саат 14:00дөн кийин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабык болот.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, оңдолуучу бөлүктүн узундугу 300 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзүп, сугат арыктары жана тротуарлар төшөлөт.

Унаа кыймылы үчүн 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрү альтернативдүү көчөлөр болот.

Жол "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытайдын грантынын эсебинен оңдолуп жатат.

Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын суранат.

Эскерте кетсек, буга чейин оңдоо иштерине байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий