• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.03.23./Кабар/. Түркиянын Southwind Airlines авиакомпаниясы 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, учуулар жумасына 2 жолу –жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Ошондой эле, Pegasus Airlines авиакомпаниясы 2023-жылдын 26-мартынан тарта аталган багыт боюнча авиакаттамдардын санын жумасына 5 каттамга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү).

Эске салсак, буга чейин Pegasus Airlines авиакомпаниясы аталган багыт боюнча аба каттамдарын 4 жолу - дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарып келген.

Пикир

Оставить комментарий