• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектен Баткен облусуна 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Баткен облусунда бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан барган 40 медик иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, окуя башталган биринчи күнү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп, алардын артынан Бишкек жана Ош шаарларынан министрдин орун басары баш болгон бир нече медиктер кетишкен. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында 40 медик кызмат көрсөтүшүүдө. Бардыгы болуп 81 медицина кызматкери Баткен облусуна барган.

Ошондой эле, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандар менен 7 психолог жана психотерапевтер иш алып барып жаткандыгын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кошумчалады.

Бүгүн, 3-майда Бишкектен Баткен облусуна кошумча 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий