• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектен Баткенге 67 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Учурда спорт ордосунда Бишкек мэриясынын, райондук администрациялардын кызматкерлери, кайрымдуу жарандар Баткен облусуна гуманитардык жардамдарды чогултуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жөнөтүүнү мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген борбор калаанын муниципалитетинин жетекчилиги көзөмөлдөйт.

"Учурда үч жүк ташуучу унаа кетти, 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Алардын арасында эң керектүү буюмдар, жеке гигиена каражаттары жана башкалар. Мындан тышкары, дары-дармектер менен спринтер жөнөтүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, баткендиктерди колдоо максатында борбор калаада гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары, ошондой эле акча каражаттарын которууга боло турган атайын банктык эсеп ачылган:

Алуучу: КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Алуучунун банкы: КРФМ Борбордук казыналыгы
Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073
БИК 440902 - (МКП, ВКП)
БИК 440001 - банктар аркылуу
Алуучунун коммерциялык банктар аркылуу эсеби: 1352119929762602
Алуучунун банкы: «Айыл Банк» ААК
БИК135001
Төлөөнүн максаты: Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү
Төлөм коду: 14411100

Пикир

Оставить комментарий