• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектен Казань шаарына каттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-январынан тарта «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунан Татарстандын борборуна учуулар жумасына 1 жолу –жума күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул багыт «Уральские авиалинии» россиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат. Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана «Северный ветер» авиакомпаниялары жумасына 3 каттам аткарып келишет.

Пикир

Оставить комментарий