• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектен Ошко учкан учак автопилоттогу бузулуудан улам авариялык конуу жасады – ЖАА башчысы

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкек-Ош каттамы боюнча учкан "Tez Jet" авиакомпаниясынын учагы автопилоттогу бузулууларга байланыштуу авариялык конуу жасады. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Ал Манас аэропортуна учактын аргасыз конуусуна автопилот тутуму көрсөтпөй калгандыгы себеп болгонун айтып берди. Буга байланыштуу учак аэропортко кайткан. “Бул олуттуу маселе эмес. Учак кол менен башкаруу аркылуу Ошко учуп жетмек, бирок экипаж кайтууну чечкен. Алардын аракеттери туура, себеби, биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо керек”, - деди ал.

Анын айтымында, саат 11:00де бардык жүргүнчүлөр ошко башка учак менен учуп чыкмак.

Өз кезегинде "Tez Jet" авиакомпаниясы кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Белгилей кетсек, учактын бортунда 94 жүргүнчү болгон, жабырлануучулар жок.

Пикир

Оставить комментарий