• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектен Тегеранга баратып кулаган Boeing транзиттик болгон – "Манас" аэропортунун комментарийи

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Тегерандын аймагында кулаган Boeing 707 учагы транзиттик болгон. Ал бүгүн, 14-январда Бишкектен саат 7:16да учуп кеткен.

"Манас" Эл аралык аэропорту" "Кабар" агенттигине билдиргендей, учак ирандык авиакомпанияларга таандык болгон.

"Ал Тегеран – Бишкек – Пайан чартердик рейси болгон. Учак Бишкекте транзит аркылуу жүк алып өткөн. Ал дайымкы рейс эмес", – дейт "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, учак Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Массалык маалымдоо каражаттарында айтылгандай, кырсык болгон жерди калың түтүн каптап турат. Жерине тез жардам кызматы жана куткаруучулар барышкан.

Учак жүк менен Бишкектен Карадж шаарына учуп бара жаткан. Анын ичинде 10 адамдан турган экипаж болгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий