• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кыйроого учурады

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бишкектен Иранга учуп бара жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 707 учагы Тегерандын чет жагында кулап түшкөн. Бул тууралуу Ирандык телеграфтык агенттик (ИрТАГ) кабарлайт.

Учак Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Кырсык болгон жерде учурда калың түтүн каптап турат. Жерине тез жардам кызматы жана куткаруучулар чыгып кетишкен.

“Учак жүргүнчүлүк эмес”, - деп билдирет Ирандын өзгөчө кырдаал боюнча агенттигинин өкүлү Миджитаба Халиди.

Маалымат агенттиги кабарлагандай, учак жүк менен Бишкектен Карадж шаарына учуп бара жаткан. Ичинде 10 адамдан турган экипаж болгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз.

Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, 10 адамдын баары каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий