• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекти каптаган кара түтүн. Калаада төөлөрдүн катышуусунда өзгөчө акция уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Бах жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде “Биз кара түтүнгө каршыбыз” акциясы старт алды.

Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, бул акцияга төөлөр да катышкан.

Акциянын максаты – шаар тургундарын үйлөрүн көмүр менен эмес, газ менен жылытууга өтүүгө чакыруу.

“Биз бул жаныбарлардын жардамы менен көтөрүп чыккан көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет жасадык. Элдер төөлөр менен сүрөткө түшүп, алар менен жана болуп жаткан иш-чара тууралуу маалымат тууралуу социалдык тармактарда бөлүшүшөт. Ошол менен бирге биздин акция тууралуу көп адам билип, чоң эффект жаралат”, - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул төөлөр Нарын облусунун Ак-Талаа районунан алынып келинген.

Пикир

Оставить комментарий