• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекти кара түтүн каптап, шаар көрүнбөй калды - видео

Коом 0


Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарын кара түтүн каптап калды.

Facebook тармагынын колдонуучусу Уланбек Жураев Боз-Бөлтөк тоосунун үстүнөн шаарды видеого тартып, өз баракчасына жүктөгөн. “Акыркы күндөрү саясат талаасындагы жаңылыктар менен бардыгы алек болуп, “газ камерасында” жашап жаткандыгын унутуп калды. Өкмөт тарабынан эч кандай чаралар көрүлбөй келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Саламаттык сактоо министрлиги баардык көйгөйлөр менен иш алып барып, бирок экология маселесин унутушкан. Биз жана биздин балдарыбыз бир аба менен дем алабыз. Жакында онкология борборунда бейтаптар көбөйөт. Силер, эмне кыласыңар билбейм, бирок мен шаар четине көчөм”, - деп жазган ал.

AirVisual тиркемеси кабарлагандай, учурда борбордо абанын булганышы 416AQI түзөт. Жашоочуларга көчөгө чыкпай, дене тарбия көнүгүүлөрүн эшикте жасабоо жана бет кап тагынуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий