• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектик "Дордой" Криштиану Роналду ойногон клуб менен кызматташууга ниеттенүүдө

Спорт 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Бишкектин "Дордой" клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойногон саудиялык "Аль-Наср" клубу менен кызматташууга ниеттенүүдө.

"Өткөн аптада клубдун президенти Аскар Салымбеков үй ээлеринин чакыруусу менен Сауд Аравиянын Про-Лигасынын алкагындагы "Аль-Наср" менен "Аль-Фатех" беттешине келген. Тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жаштар футболун өнүктүрүүнү талкуулашты", - деп билдирди "Дордой" ФКнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле Салымбековго өзүнүн аты-жөнү жана "7" номери жазылган футболка белекке берилди. Криштиану Роналду дагы ушул номер менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий