• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектик курьер 500 доллар үчүн курсагына катып героин алып өтмөкчү болгон

Коом 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Россиянын Томск шаарында баңги зат ташыган Кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу облусттук прокуратуранын расмий сайтында жазылган. 28 жаштагы кыргыз жараны ичинин ооруганын айтып, медициналык жардам сурап кайрылган. Ал ичине 8 пакет баңги затын салдырып Бишкектен Томскко жеткирип бергени үчүн 500 доллар алмак.

“Кыргызстандык жаран ичи ооруп калганына байланыштуу, баңги заты болжогон жерге жетпей калган. Укук коргоо кызматкерлери чакырылып ал кармалган”,-деп билдиришти прокуратурадан.

Соттун жүрүшүндө ал баңги затты өзү колдонуш үчүн алганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Томсктун Киров райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Азырынча өкүм күчүнө кире элек.

Пикир

Оставить комментарий