• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектик окуучулар мегаполистер Олимпиадасынан коло байге алышты

Билим 0

Бишкек, 12.09.17. /Кабар/. Бишкектик окуучулар Москвадагы мегаполистер Олимпиадасынан коло байге алышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык Билим берүү башкармалыгынын маалыматында, 2017-жылдын 9-сентябрында Москвада мегаполистердин экинчи олимпиадасы өткөн. Ага дүйнөнүн 29 ири шаарынын 14-18 жаштагы мектеп окуучуларынын 36 командасы катышты.

Бишкек шаарынын командасынын 8 катышуучусунун бешөө олимпиаданын коло байгесине ээ болушту. Алар: №24 МГ Баймырза уулу Адилет (химия), №61 МЛ Балыкин Никита (математика), Мухин Андрей (физика), Анарбеков Рыскельди (физика), Абдукаримов Байэль (информатика).

Абу-Даби, Алмата, Астана, Белград, Берлин, Бишкек, Будапешт, Джакарта, Дюссельдорф, Ереван, Лейпциг, Милан, Минск, Москва, Нью-Дели, Кытай, Пекин, Рига, Санкт-Петербург, София, Таллин, Тель-Авив, Иерусалим, Хельсинки, Азербайджан, Армениянын мектеп окуучулары математика, информатика, химия жана физика боюнча күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий