• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектик спортчулар самбо боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бишкектик спортчулар спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш Ливандын Жуния шаарында 16 өлкөнүн спортчулары арасында өттү.

Кыргызстандан жалпысынан 33 спортчу катышкан.

Чоңдор арасындагы күжүрмөн самбо боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча:

- Карыяев Дайырбек - 1-орун (79 кг);
- Медет кызы Мираида - 1-орун (65 кг);
- Бараканов Саяк - 3-орун (64 кг).

Чоңдор арасында спорттук самбо боюнча:

- Абдумалик кызы Самара - 1-орун (54 кг);
- Бараканов Белек - 3-орун (64 кг);
- Жолдошказиев Турарбек - 3-орун (98 кг);
- Медет кызы Мираида - 3-орун (72 кг).

Өспүрүмдөр арасында спорттук самбо боюнча:

- Аманкулова Канышай - 2-орун (50 кг);
- Сартов Алай - 3-орун (71 кг).

Пикир

Оставить комментарий