• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектик спортчулар шахмат боюнча өлкө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин 32 катышуучусу шахмат боюнча чемпионатка катышып, алдыңкы орундарды 5 окуучу ээледи.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, төмөнкү окуучулар орундарга ээ болгон:

- Сагынбекова Жибек 1-орун кыздар категориясында 10 жашка чейин;
- Амина Шергалиева 2-орун 6 жашка чейинки кыздар категориясында;
- Рахатбеков Нурумар 3-орун 6 жашка чейинки балдар категориясында;
- Аманов Асад 3-орун 10 жашка чейинки балдар категориясында;
- Пак Аарон-3-орун 14 жашка чейинки балдар категориясында.

Турнир швейцариялык жана тегерек системасы боюнча кыздар жана балдар арасында өз-өзүнчө 7 же 9 тур боюнча өттү.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери өлкө атынан 2022-дүйнө чемпионатында жана Азиянын жана Батыш Азиянын расмий чемпионаттарында катышат.

Мелдешке Кыргызстандын бардык 7 облусунан 320дөн ашык катышуучу жана коштоп жүргөн 350 машыктыруучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий