• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектиктер Баткенге жарым млн сом жана гумжардам жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Бишкектиктер Баткен облусунда жабыркагандарга жардам жөнөттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Баткен окуясынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу пунктарынын ишинин натыйжасында бишкектиктер жалпысынан 552 млн 563 сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүштү.

Ошондой эле 12357 кг ун, 49311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы, 1393 даана консервацияланган азыктар, 7035 кг ун азыктары, 9065 кг гигиеналык каражаттар, 4007 медициналык керектөөлөр, 2700 кг жер-жемиштер, 2847 кг дан азыктары 351 кг кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлдү.

"Урматтуу шаардыктар! Сиздердин биримдигиңиздер үчүн рахмат!"- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий