• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектиктер үчүн жаңы жылдык афиша

Коом 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы 2ГИС менен биргеликте «Жаӊы жыл 2017-2018» атайын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынын сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, афиша шаар тургундарын кайсы жерде жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлө тургандыгын көрсөтүп берет.

«Жаӊы жыл 2017-2018» тандоосун 2gis.kg сайтынан жана мобилдик колдонмодон колдоно аласыздар. Тандоодо жаӊы жылдык балатылардын, концерттик программалардын жана жаӊы жылдык жарманкелердин убактылары жана өткөрүлө турган жерлери көрсөтүлгөн.

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында негизги жаӊы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт. 31-декабрда саат 12:00дө элдик эс алуулар башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланат, ал эми майрам 00:00дө жаӊы жылдык фейрверк менен коштолот.

Жаӊы жылдык иш-чаралардын өткөрүлө турган жерлерин төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: http://go.2gis.com/jtbvn.

Пикир

Оставить комментарий