• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектиктер үчүн жылуулук маселелери боюнча тез байланыш телефондору иштейт

Коом 0

Бишкек, 18.10.17. /Кабар/. Бишкектиктер үчүн жылуулук маселелери боюнча тез байланыш телефондору иштеп жатканын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын 17-октябрында Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык Бишкекте жылуулук берүү башталган.

Объекттерди кошуу бир нече күн жүрөт. Алды менен мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи кезекте жылуулукка карызы жок турак-үйлөр, өндүрүш ишканалары жана мекемелерине берилмекчи.

Турак үйлөргө жылуулук берүүдө жогорку кабаттардагы жылуулук тутумундагы жабдуудан абаны чыгарып коюу зарыл, бул жылуулуктун батирлерге келишин тездетет.

Бардык маселелер боюнча жарандар “Бишкекжылуулук” ишканасына төмөнкү номерлер аркылуу байланыша алышат:

- (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөттөгү инженери;
-51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун нөөмөттөгү инженери;
- 56-85-58 – диспетчер кызматы.

“Бишкекжылуулукэнергия” коммуналдык ишканасы:

- 49-00-86, 49-02-65 - ишкананын диспетчер кызматы.

- 21-28-47 – абоненттик бөлүм.

Ошондой эле жарандар үчүн WhatsApp колдонмосу боюнча төмөнкү номерлер иштейт:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле жарандар үчүн 185 жана 1840 чалуу борборлорунун номерлери иштейт. Маселелер боюнча сүрөтү менен билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий