• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектиктер эл аралык йога күнүн белгилешти

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Бишкектиктер Курманжан Датканын эстелигинин жанында йоганын эл аралык күнүнө карата уюштурулган флешмобго катышышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чарадан шаардын мэринин орун басары Айгүл Рыскулова дагы артта калбай, каалоочулардын бардыгын флешмобго чакырып, йога - бул дүйнө таанымдын философиясы деп атады. Ошондой эле, флешмобго Индиянын Кыргызстандагы расмий элчиси Лакшманан Савитри дагы катышты.

Флешмобдун дээрлик бардык катышуучулары эстеликке футболка алышты. Бул саам дүйнө йога күнүн үчүнчү ирет белгилеп жатат. Эң биринчи бул күн 2015-жылы белгиленген болчу.

Флешмобдун катышуучуларына концерттик программа тартууланып, маданий программага ылайык “Йоганын өкүлү” наамдары тапшырылды.

Ошондой эле, катышуучулар тажрыйбалуу адистердин жетекчилигинин алдында массалык түрдө йога менен машыгышты. Майрам “Facebook” баракчасындагы “Мен жана Йога” аттуу сүрөт сынагы менен жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, БУУ 2014-жылдын декабрында 21-июнду жыл сайын йоганын күнү катары майрамдоо резолюциясын кабыл алган. Бул чечимди көп сандаган мамлекеттер колдоого алган.

Пикир

Оставить комментарий