• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектиктер “Китеп менен эс алуу” акциясына катышышты

Коом 0

БИШКЕК, 08.08.2017 /Кабар/. “Каражыгач” сейил багында “Китеп менен эс алуу” деген аталыштагы акция башталды.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, акциянын максаты жаштарды китеп окууга үндөө, калктын бардык катмарын китепканаларга чакыруу болуп эсептелет.

Акциянын алкагында оюндар, мастер класстар өтүп, “Айданек” реаблитациялык борборунун балдары, шаар тургундары катышкан. Бардык катышуучулар интеллектуалдык суроолордо активдүүлүктөрүн көрсөтүшкөн. Айырмалангандарга белектер тапшырылды.

Ошондой эле, кыргыз, орус тилиндеги китептердин көргөзмөсү уюштурулган. Айрым окурмандар сунуш кылынган китептер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Акция “Каражыгач” сейил багында 7-18-августка чейин саат 14:00дөн 16:00 чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий