• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектиктер ВИЧке акысыз текшерүүдөн өтө алат

Ден соолук 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын базарларында АИВке (ВИЧ), вирустук гепатиттерге жана сифилиске акысыз тестирлөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чара диагнозду эрте аныктоо, дарылоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Кабыл алуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык клиниканын (МДПК) базасында жүргүзүлөт.

Бардык каалоочулар үчүн:

  • алгачкы консультацияны алуу;
  • АИВке (ВИЧ), вирустук В жана С гепатиттерине, сифилиске экспресс ыкмасы аркылуу тестирлөөдөн өтүү;
  • терапевттин консультациясын алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Тестирлөө өткөрүүнүн графиги жана орду:

  • "Ош-базары" соода комплекси– 22-майдан 26-майга чейин;
  • "Дордой-Дыйкан" соода комплекси– 29-майдан 31-майга чейин;
  • "Сары-Озон" соода комплекси – 1-июндан 5-июнга чейин;
  • "Аламедин базары" соода комплекси – 5-июндан 9-июнга чейин.

Пикир

Оставить комментарий