• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин 4 районунда күндүзгү стационарлар ачылды − Түлөбаев

Коом 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Бишкектин 4 районунда күндүзгү стационарлар ачылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы учурда шаарда пневмония менен ооруп, бейтапканаларга кайрылган шаар тургундарынын саны арткандыктан борбор калаанын ар бир районунда бирден күндүзгү стационар ачылды.

“Ал борборлордун максаты ооруп жаткан бейтаптарга кеңеш берүү, орто жана жеңил түрдө ооруган бейтаптарды кабыл алып, тамчылатма дары коюп (капельница), ийне сайып жардам көрсөтүү. Ошондой эле ал иш бейтапканаларга келген оордукту жеңилдетүү максатында жасалууда. Ал жерден сасык тумоо, коронавирус жана башка ага окшош оорулар боюнча кеңеш алууга болот”, - деди ал.

Күндүзгү стационарлар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.

Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылган:

1. Ленин району – Арча-Бешик конушундагы “Газпром” Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (90 орун);
2. Биринчи май району – Спорт ордосу (150 орун);
3. Свердлов району – Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (150 орун);
4. Октябрь району – Түштүк магистралындагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (140 орун).

Пикир

Оставить комментарий