• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерлер ачылат

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерлер ачылат.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери мэриянын билим берүү башкармалыгынын жана Ленин райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү менен биргеликте мектеп лагерлеринде балдардын жайкы эс алуусу кандай уюштурулуп жаткандыгын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, №25, 42, 57 мектептер текшерилди.

"Жалпысынан Бишкек шаарындагы 46 мектепте лагерлерди ачуу пландаштырылууда, 38 мектепте тамак-аш базасы түзүлүп, 4450 бала камтылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий