• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин 49 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда Бишкек шаарындагы “Көчөлөрдөгү-жолдорду өнүктүрүү” тармагы боюнча Кытай Эл Республикасынан келген грантка шаардагы жолдордо капиталдык оңдоп түзөөлөр жүрүп жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шаардык кызмат жээк таштарды, ирригациялык түтүктөрдү ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр басчу жолдорду жаңыртат.

Жалпысынан, Кытайдан келген каражатка 95 км аралыктагы 49 көчө, 7 көпүрө курулат.

Буга ылайык, учурда төмөнкү көчөлөрдө даярдыктар жана курулуш иштери жүрүп жатат.

- Щербаков Бакинский көчөсү М. Гандиге чейин канализация курулушу менен;

- Достоевскийден Ахунбаев көчөсү Анкарага чейин көпүрөнүн курулушу менен;

- Көлбаев Лермонтов көчөсүнөн Ауэзовго чейин;

- Профсоюз Фучик көчөсүнөн Кустанайга чейин;

- Л. Толстой Ауэзов көчөсүнөн Шабдан Баатырга чейин;

- Медеров Панфилов көчөсүнөн Токтоналиевге чейин;

- Жамгырчинов Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиевге чейин;

- Саадаев Т. Молдо көчөсүнөн Орозбековго чейин;

- Иманалиев Абдрахманов көчөсүнөн түштүк Магистралга чейин;

- Лущихина Т. Фрунзе көчөсүнөн Ак-Өргө жаңы конушуна чейин;

- Гагарин Айгүл-Тоо көчөсүнөн Айбике көчөсүнө чейин;

- Токомбаев Шабдан Баатыр көчөсүнөн 12-кичирайонго чейин;

- Фрунзе Айтматов көчөсүнөн Лермонтовго чейин;

- Мурас-Ордо» жаңы конушуна кире бериши Озерное көчөсүнөн “Мурас-Ордо” жана борбордук көчө;

- Шералиев Арча Бешик жаңы конушуна чейин;

- Рыскулов көчөсү;

- Токтоналиев Ахунбаев көчөсүнөн Медеровго чейин;

- Токтогул көчөсүндөгү көпүрө;

- Орозбеков Жибек-Жолу көчөсүнөн Саадаевге чейин;

- Күйүкова көчөсү;

- Мамбетов Айтматов көчөсүнөн Шабдан Баатырга чейин;

- Новая Суеркулов көчөсүнөн «Жеңиш» жаңы конушуна чейин;

- Айтматов көчөсү;

- Каралаев көчөсү;

- Кустанай көчөсү;

- Садыгалиев көчөсү;

- Тыналиев көчөсү;

- Ахунбаев көчөсү.

Мындан тышкары шаардын жолдорун калыбына келтирүү иш чараларынын алкагында “Жашылдандыруу” муниципалдык мекемеси 5 миң тал отургузууну пландаган. Жалпысынан, Бишкекте аталган мекеме кызматкерлери 10 миң дарак отургузат.

Пикир

Оставить комментарий