• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин 8-кичирайонундагы куураган бактарды санитардык бутоо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкектин 8-кичирайонундогу куураган бактарды санитардык бутоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, шаар тургунунан 8-кичирайондогу №45 жана №46 үйлөрдүн жанындагы бак-дарактардын кыйылышы боюнча арыз түшкөн.

"Куурап калган (авариялык) дарактарды санитардык бутоо үй комитетинин төрагасынын арызынын негизинде жана үйдүн жашоочуларынын макулдугу менен жүргүзүлгөн. Үйдүн чатырына, бастырмасына бак-дарактардын кулап калуу коркунучу жана үйдүн жашоочуларынын жана андан өткөн адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат", - деп айтылат маалыматта.

Арыздарды жана кайрылууларды Бишкек шаарынын мэриясынын 1840 жана 1850 колл-борборуна күнү-түнү билдирсе болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн жана видеолорун WhatsApp: 0554 182-185 номерине жөнөтүү керек.

Пикир

Оставить комментарий